Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Мугалимдин акысы окуучунун билим сапатына карап аныкталсын

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 1227 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин эмгек маянасын чегерүү жумалык сааттын өлчөмү, билим берүү, педагогикалык иш стажы, бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштөөсүнөн көз каранды экенин айтты.

«Мындан тышкары жазуу иштерин текшерүү, класс жетекчилик, устаттык иши боюнча жана башка иштерине кошумча төлөнөт»,-деп билдирди министрдин орун басары.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштырган системаны киргизүү зарыл. Анда мугалимдин эмгеги окуучулардын сапаттуу билим алуусунун жыйынтыктары менен өлчөнүп, материалдык сыйлык да ошого ылайык берилет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова министрликке мугалимдердин ишинин жыйынтыктарын баалоо критерийлерин, анын  негизинде эмгек акы механизмин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Финансы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин эмгек акысын саатына төлөө өлчөмүн көбөйтүү, стимулдаштыруучу эмгек акы фондусун көбөйтүү жана зарыл каражаттарды конкреттүү эсептеп чыгуу мүмкүндүгүн карап чыгуу милдеттендирди.

Copyright © 2017 Maral FM