Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Мамлекет кепил боло албаса декларация туура эмес толтурулат

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 634 | 0

Мүлктөр мамлекет тарабынан кепилдикке алынбагандыктан көпчүлүк өзүнүн байлыгын туугандарына жаздырып келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин IV-V чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал декларация маселеси алгач 2009-жылы көтөрүлгөнүн, бирок Салык кызматы даяр болбогондуктан кийинкиге калтырылганын айтат.

«Декларацияга атайын жашырып, туура эмес маалыматтарды киргизип келишкен. Мамлекет кепил боло албаса декларация туура эмес толтурулат. Бийликтин тилин укпаган бизнесмендердин мүлкү тартылып алынууда. Мындан корккондор айласыздан байлыгын башка туугандарына жаздырып жатышат», — дейт Молдобаев.

Ал декларациядагы маалыматтар боюнча буга чейин эч кимге чара көрүлбөгөнүн, эми экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевден башка дагы адамдардын декларациясы текшерилип, жашырылган маалымат болсо чара көрүлүшү зарыл экенин белгелейт.

«Президент жалгыз коррупция менен күрөшүүгө күчү жетпейт. Эмнеге баары мамлекеттик кызматкы умтулат? Киреше табуу үчүн жан талашып жатышат. Бийликке барган киши байлыкты эңсеп барат. Бирок «жеген» кишилердин бири дагы жыргап кеткен жок. Арам оокат эч кимге аш болбойт», — дейт Молдобаев.

Эске салсак, Зилалиев 2011-2016-жылдардагы мүлкүн 2,5 миллион сом деп көрсөткөн. Ал эми аялынынын кирешесин 408 миң сом деп билдирген. Ага «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга убактылуу камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM