Биз менен байланышыңыз

«Декларацияларды текшерүү Зилалиевден токтосо, анда бул куугунтук болот»

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 938 | 0

Чиновниктердин декларациясын текшерүү Дүйшөнбек Зилалиев менен гана токтоп кала турган болсо муну коррупция менен күрөш эмес, өч алуу десек болот. Мындай пикирин укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, декларацияларды текшерүү токтоп калса бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаеди кылмышка тартууга элдин кулагын даярдап жаткан болот.

«Декларацияда чиновниктин туугандарын, анын айланасындагы адамдарды да текшерүүсүн талап кылабыз. Анткени декларация коррупция менен күрөшүүнүн эң жакшы ыкмасы. Текшерүү Зилалиев менен токтоп калса анда бул куугунтук болуп калат», — дейт Карасартова.

Эске салсак, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камалган. Мындай чечим 9-декабрда Биринчи май райондук сотунда чыккан. Маалыматка ылайык, Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Ал көрсөткөн декларациясында айрым мүлкүн жашырган деп айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM