Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз байыгандарды «азайткан» декларация

Саясат | 26 Фев 2019 | 957 | 0

Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматерлердин былтыркы жылга карата тапшырган декларацияларын текшерип бүттү. Анын ичинде «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча эки гана чиновникке кылмыш иши козголду. Бул коомчулук тараптан ишенбөөчүлүктү жаратууда. Эксперттер да Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен байыгандар алда канча көп экенин белгилешет.

Мамлекеттик кызматкерлер тапшырган декларация Башкы прокуратура тарабынан текшерилип бүттү. Жыйынтыгында 174 кызмат адамы тартип жоопкерчилигие тартылган.

Ал эми чиновниктерге келсек, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен эки адамга кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирет.

Кароонун жыйынтыгы боюнча 174 кызмат адамдары тартип жоопкерчилигине тартылган. Ал эми 608 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинде саясий-мамлекеттик жана муниципалдык органдарды ээлеген кызматкерлер дагы бар. Мыйзамсыз жол менен алынган кирешелер фактысы боюнча 2 жазык иши козголгон. Ал тергөө органдарына жөнөтүлгөн.

«Мыйзамсыз баюу» беренеси менен мурдагы вице-премьер-министрлер Дүйшөнбек Зилалиев жана Аскарбек Шадиевге  кылмыш иштери козголгон.

Мамлекеттик салык кызматы болсо, күмөн жараткан 4360 декларацияны Башкы прокуратурага өткөрүп берген эле.

Бирок көзөмөл органдын мындай жыйынтыгына саясат тануучу Эмил Жураев ишенбейт. Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен байыгандар алда канча көп. Ошондуктан эки кылмыш иши бийликтин мыйзамсыз байыган чиновниктер менен күрөшүнө элдин ишенимин азайтууда.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы күткөндөй болгон жок. Буга чейин президент декларацияларды текшерүүнүн жыйынтыгында коррупция менен күрөштү көрөсүңөр деп айтканы сөзүнө анчейин жарашпай калды. Башкы прокуратура тарабынан текшерүү үстүрттөн болуп калды. Экинчиден, кайсы бир деңгээлде аткаминерлер, мамлекеттик кызматкерлер бири-бирин «чукубайбы» деген суроону туудурат. Канчалаган кишилер бар ошолордун арасынан эки эле киши «мыйзамсыз байыптыр» деген сөз шек жаратат. Буга эл деле ишенбейт.

Коомчулук буга кандай пикирде? Биздин суроого жооп бергендердин көпчүлүгү бул жыйынттык менен макул эмес.

Эки эле чиновник мамлекеттин эсебинен байыды дегенге ишенбейм. Андан башкалар да аябагандай көп.

-Чиновниктердин баары биздин эсептен байып жатат. Башка акчаны кайдан уурдамак эле. Бул үчүн соттолуп деле жатат. Бирок байыгандар байып кутулуп кетүүдө.

-Кайсы гана кызматтык орун болбосун баары жанталашат. Демек бул жерде бир нерсе бар да. Болбосо болбогон айлыкка эч ким жулунбайт эле.

Кыргызстандагы бай саясатчылардын катарына кирген, депутат Улугбек Ормонов саясатчынын баарын мамлекеттен байыган деген ойдон алыс болууга чакырат. Анткени көпчүлүк аткаминерлер бийликке келээрден мурун ишкердик менен алектенишкен. Ошондуктан аларга курулай доомат коюу негизсиз.

Чиновниктер мамлекеттин эсебинен байыды деген сөздөр бар. Бирок бардыгын бир тараптуу мамлекеттен байыды деген туура эмес. Кээ бир саясатчылар мамлекеттик кызматка чейин эле маңдай тери менен тапкан каражатын жыйнап койгон. Ошондуктан бул жерде мамлекеттин байыды деген ойдон алыс болушубуз керек. Жеке мен колумдагы байлыкты 20 жыл заводдо иштеп жүрүп тапкам. Саясатка 2005-жылы гана келдим.

 Ал эми башка саясий эксперт Жамгырбек Бөкөшов чиновниктердин декларацияларын текшерүүдө Кыргызстандын тажрыйбасы аз деген ойдо. Ошондуктан «мыйзамсыз байыган» деген берене менен ачыкталып жаткандын өзү жылыштын бар экенин кабар берет. Андыктан бул багытта ишти улантуу гана керектигин айтат.

Декларацияны толтуруу эрежелери жана анын талаптары боюнча тажрыйба Кыргызстанда толук топтоло элек. Мүмкүн декларацияда байлыгын жашырып жүргөндөр болсо, бара-бара бир жолго түшүшү керек. Ошондуктан эки чиновник аз же көп деп айтыш кыйын. Эң негизгиси декларацияны текшерүүгө алуу эң керектүү нерсе. Буга көнүшүбүз керек.   

Эске салсак, буга чейин президент мамлекеттин эсебинен байыгандарды аныктап чыгууну тапшырган болчу.

Мындан улам биринчи жолу салык кызматына тапшырылган декларациялар прокуратура тараптан текшерүүгө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM