Биз менен байланышыңыз

Быйыл кызматына кыянаттык кылгандар көп болду

Саясат | 26 Дек 2018 | 856 | 0

Бүгүн Башкы Прокуратура үстүбүздөгү жылдын 11 айында аткарган иши тууралуу журналисттерге маалымат берди. Ага ылайык, аталган мекеме быйыл 31 миңден ашык мыйзамсыз ишти аныктаган. Анын 6 миңден ашыгына чара көрүлгөн. Ал эми коррупция менен күрөшүүнүн алкагында 754 кызматкерге кылмыш ишин козгогон.

26-декабрда Башкы прокуратура 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берди. Аталган тармактын коррупцияга каршы күрөш, кылмыш иштери боюнча аткарган иштери сынга алынууда. Айрым эксперттер Башкы прокуратуранын жыл ичинде жасаган иши канааттандырбай тургандыгын билдирип жатышат.

Аталган орган быйыл 11 айда мамлекеттик кызматкерлердин 31 миңден ашык мыйзамсыз ишин аныктаган. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкарбек Акназаров кабарлады.

Анын айтымында, аларды четтетүү үчүн 10 миңге жакын прокурордук чара көрүлүп, 6 миңден ашык мамлекеттик кызматкер жоопко тартылган.

— Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу 754 кылмыш иши ачылган. Мунун ичинен 96 иш жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында отурган адамдарга карата, ал эми 92си мамлекеттик каттоо кызматындагыларга козголгон. Ал эми ИИМдин 27 кызматкерине, билим берүү тармагындагы 36, бажыда 21, саламаттыкты сактоодо 18 жана 2 судьяга кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштердин басымдуусу «Кызмат абаланынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен болгон. 880 адам админитративдик жоопкерчиликке тартылды. Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген 680 млн сом кайтарылды. Анын 287 млн сому Бирдиктүү эсепке которулган.

Мындан тышкары, Башкы Прокуратура салык декларациясын туура эмес тапшырган кызматкерлерди да текшерүүгө алууда. Акназаров белгилегендей, декларацияларды туура эмес тапшырган фактылар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Мисалы, декларацияны туура эмес тапшыргандардын арасында акимдер, мэрлер, губернаторлор, Улуттук статистика комитеттин өкүлдөрү жана БШКнын кызматкерлери да бар. Ошондой эле иштеген жана иштебеген сотторду текшерүү да жүрүүдө. Бул боюнча Соттор кеңешмесине сотторду жоопкерчиликке тартуу боюнча кайрылуу жиберилген.

Деген менен, акыркы убактарда прокуратура органдарында ар кандай туура эмес көрүнүштөр көбөйүп баратканы парламентте айтылган. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулардын ишмердүүлүгү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталган. Себеби 18-ноябрда Баткен облусунун прокурору болуп иштеп жаткан Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү тоодон табылган. Ал эми Балыкчыда 23-декабрга караган түнү райондук прокуратура кызматкерлери менен башкармалыктын инспекторлору мушташа кетишкен. Булар боюнча Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердиги жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору Урмат Карыпбеков төмөндөгүлөргө токтолду.

-Баткендеги кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө улантылып жатат. Прокурордун өлүмүнө шектүүнү кыйнап маалымат алуу боюнча пикирлер чындыкка дал келбейт. Массалык маалымат каражаттарында прокурордун өлүмүнө шектүүнү күч колдонуп суракка алуу болуп жатканы тууралуу маалымат чыкканда алар текшерүү жүргүзгөнбүз. Бул факт тастыкталган эмес. Анын денесинде октун, бычактын тактары болгон. Прокурордун өлүмүнө шектелип, Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Шектүү жаран Ош ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 2 айга камалган. Тергөө иштери жүрүүдө. Балыкчы шаарында прокурордун эки жардамчысы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин сабаган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Биздин кызматкерлер кызматынан убактылуу четтетилди.

Быйылкы жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооонбай Жээнбеков Башкы прокуратураны «коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор боло албай жатат, мыйзамсыз, негизсиз текшерүүлөр көп жана бул өзүнчө бизнеске айланып калды» деп сындаган.

Мурдагы Аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев аталган мекеме ишин аткарып жатканын белгилеп, бирок аброюна шек келтирген окуялар көп катталганын эске салды.

-Менин оюмча, Башкы Прокуратурада кызматкерлердин арасында так иштебегендерден тазаланууну улантыш керек. 2019-жылы жаңы кылмыш-жаза кодекси ишке кирет. Бул нормалар менен иштөөгө аракет кылуусу керек. Дагы көп жумуштар бар.  

Ал эми коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов бул жылы Башкы Прокуратура бир топ кылмыш жана мыйзамсыз иштерди аныктаганын белгилеп, жумуш ушул бойдон улануусун сунуштады.

Азыркы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматка келгенден баштап чуулгандуу окуяларын бети ачылууда. Башкы Прокуратура коррупциялык көрүнүштөргө өздөрү түздөн-түз кылмыш ишин козгоп, көзөмөлдөп жатат. Дүйшөнбек Зилалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баю беренеси боюнча ишти ачты. Жумушту ушул темпте алып кетсе, жыйынтыктар болот.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 22-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүндө аларды коррупция менен күрөшүү башкы максат экендигин, көзөмөл органы үчүн бардык шарт түзүлүп жатканын айтып, коюлган милдеттерди так аткарууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM