Биз менен байланышыңыз

11 айда өлкөнүн ички дүң өнүмү 3,1%га өстү

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 546 | 0

2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 474,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3,1 пайызга өскөн.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү 8,4 пайызга өстү. Ушул эле учурда, өсүү мунайзат продуктуларында(12,5 пайызга), текстилде (10,2 пайызга), кийим тигүү тармагында (20,0 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарынын (23,4 пайызга), ошондой эле курулуш материалдарынын (10,1 пайызга) өндүрүшүндө байкалган.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1,9 млрд. АКШ долларын түздү жана бул көрсөткүч 2017-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 4,0 пайызга төмөндөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM