Биз менен байланышыңыз

Атамбаев президенттик шайлоодо Жээнбековду эмнеге колдогонун түшүндүрдү

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 918 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы орун алган шайлоодо Сооронбай Жээнбековду эмне себептен колдогонун айтты. Анда партия элдин ынтымагы үчүн талапкерди түштүктөн чыгарууну чечишкен. Ошол учурда түштүк аймагынан Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асылбек Жээнбековдон башка эч ким оюна келбегенин айтты.

-Эстесем, түштүк боюнча, кадрлар боюнча Жээнбековго ишенчүмүн. Ойлоп көрсөм, түштүктүн кадры боюнча бирөө да жакшы сөз айтпаптыр. Бул албетте, менин катам. Кадр маселесине жакшы көңүл бурсам болмок. Адамдык сапатын, сатып-сатпаганын карасам болмок экен.

Кошумчалай кетсек, былтыр болгон президенттик шайлоодо КСДП партиясы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүп жыйынтыгында ал жеңип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM