Биз менен байланышыңыз

Тима Мукашев: «Созолонгонум Сокулука чейин жетет»

Токтоо мүнөз эстрада ырчысы Тима Мукашев «Желе шоу» программабыздын коногу болду. Башкалардан өзүнүн көз айнеги менен айырмаланган ырчы мырза кызыктуу маек куруп берди.

«Кандай гана жерге барбайын кайсыл жерде болбоюн өзүм аябай токтоомун, акырын сүйлөйм. Көбү мени маанайыңыз жокпу деп сурашат. Болгону мүнөзүм ушундай. Бирок бала кезимде ушунчалык тентек, өзүмдүкүн бербеген чыр, ыйлаак бала болчумун. Азыр токтолуп калганымды көргөндөр таң калышат. Куудул эжекебиз Назира Жетигенова мени көргөн сайын тамашалап «созолонгонун сокулука чейин жетет го» деп калат.»

Copyright © 2017 Maral FM