Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 663 | 0

Бишкекте өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Айрым маалымат булактары Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунан чет өлкөгө учуп кетээр алдында кармалганын жазышты. Бирок соттун 3 жылга чейин шарттуу кесүү боюнча чечими болгондуктан, ал өлкөдөн тышкары чыгууга укугу жок болгон.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында “бомба” деген сөзүнөн улам айыпталып,  кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM