Биз менен байланышыңыз

Канада Украинага орус пропагандасына каршы күрөшүү үчүн 2,5 млн доллар берет

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 979 | 0

Канада Украинада өтө турган шайлоо учурунда Орусиянын пропагандасына каршы күрөшүү үчүн 2,5 миллион доллар бөлөт.

Бул каражат буга чейин Оттава жарыя кылган 24 миллион долларлык жардамдын бир бөлүгү экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

-Орусия Украинага туура эмес маалымат таратуу менен ал жактагы парламенттик жана президенттик шайлоого таасир эткиси келет. Кремлдин мындагы максаты – өлкөдөгү туруктуулукту бузуп, жарандардын демократияга болгон көз карашын өзгөртүп, күмөн саноону пайда кылуу,-деп жазылган билдирүүдө.

Канаданын Тышкы иштер министрлиги жолдонгон жардамдар украин өкмөтүн, жарандык коомун жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын колдоо болуп саналарын белгилеген.

Ошондой эле Канада Луганск жана Донецк облустарына өзгөчө көңүл бурулары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM