Биз менен байланышыңыз

Үметалиев: “Тарбия” деген сөздөн баш тартышыбыз керек

Пикирлер | 7 Дек 2018 | 784 | 0

Эгерде адамдын эркиндигин, өзүнө таандык таланттарын өрчүтүү үчүн мамиле кылчу болсок, анда “тарбия” деген сөздөн баш тартышыбыз керек. Мындай пикирин Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эргерде тарбия көндүрүү жана баш ийдирүүгө айланса, баланы көбүрөөк багынганга, башка бирөөгө кул болуп берүүгө түртөт.

«Ала качылып кеткен кыз эмне үчүн барган жеринде отуруп калууда? Анткени өтө тарбияланып калган, тыюулар болгон. Катуу тарбияланып калгандар чектөөлөрдүн көптүгүнөн же болбосо элдин пикиринин терс таасиринен коркуп өзүнүн түшүнүгүнөн, билиминен, эркиндигинен айрылганга даяр, макул болуп берет»,-дейт Үметалиев.

Ал “тарбия” деген сөздү кыздарга да, балдарга да ылайыксыз деп эсептейт.

“Анын ордуна түшүнүү, ишенүү жана колдоо гана болушу керек. Эч кандай тарбия эмес… Урушай келишимге келсе, жазалабай эле бере турган сыйдан айрылтып, нааразы болуп жатканыңди билдирсең болот. Мындан сырткары эч качан урбаш керек»,-дейт Үметалиев.

Copyright © 2017 Maral FM