Биз менен байланышыңыз

Мадияр Русланов : «Элдин эсинде калгым келет»

Марал радиосу ар дайым жаш таланттарды колдоп келет. Бул каарманыбыз дагы жаңыдан чыгармачылыкка кадам таштап жаткан таланттуу ырчы мырза Мадияр Русланов. Ал биздин «Желе шоу» программабыздын коногу болуп, аккардеондун коштоосунда жандуу ырдап, кызыктуу маек куруп берди.

«Мен жаңы ырчы болуп чыгып келе жаткандыктан ар дайым ырлардын сөзүнө аябай маани берем, салмактуу ырларды ырдап элдин эсинде калгым келет. Эл сүйгөн обондорду кайра угармандарга тартуулап, кымыз жыттанган ырларды жаздырсам дейм. Ушул учурдан пайдаланып марал радиосуна ыраазычылыгымды билдирем, анткени биринчи жолу радиого келип атам, абдан сүрдөйт экенсиң. Буюрса келечекте дагы ийгиликтерди жаратып жакшы ырлар менен элге таанылгым келет.» -деп кошумчалады жаш ырчы мырза Мадияр Русланов.

Copyright © 2017 Maral FM