Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун Борбордук Азияда эң көп окулган чыгармасы аныкталды

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 964 | 0

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Борбордук Азияда сурамжылоо жүргүзүлдү. “Борбордук Азиянын Барометри” уюму жүргүзгөн изилдөөгө Кыргызстандан, Тажикстандан, Казакстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан 1500дөн катышуучу катышкан. Сурамжылоо 1 айга созулуп, ага жашы 18ден жогору адамдар тартылган.

Ал эми ага катышкан кыргызстандыктардын саны 1236ны түзгөн.

Анда кыргыз жазуучуларынын ичинен Чыңгыз Айтматовду тааныганын айткандар 93 пайызды түзгөн. Анын чыгармаларынан «Жамийла», «Ак кемени» билгендери басымдуулук кылып, жалпы катышуучулардын 56 пайызга жетти. Ал эми бир да чыгармасын билбегендер катышууулардын 3 пайызын түздү. 37 пайызы «Биринчи мугалим» повестин билерин айтышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгында залкар жазуучунун эң көп окулган чыгармасы болуп «Жамийла» повести табылды. Аталган эмгекти жарандардын 42,9% окуганын айтышкан. Ал эми кийинки саптарда «Ак кеме» жана «Биринчи мугалим» турат. “Кассандра тамгасы” чыгармасын 1236 адамдан 3 пайызы гана окуганын айтышкан.

Кошумчалай кетсек, быйыл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM