Биз менен байланышыңыз

«Тоо кен тармагы боюнча стратегиялык документ иштеп чыгуу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Дек 2018 | 843 | 0

Тоо кен тармагы энергетика тармагы сыяктуу артыкчылыктуу багыт. Анткени салыктын 10 пайызы тоо кен тармагында иш алып барган мекемелерден түшөт. Бул тууралуу Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Камчыбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жалпы өнөр жай тамагында иштеп жаткан компаниялардан түшкөн пайданын 40 пайызга жакыны тоо кен тармагынан келип жатат.

Камчыбеков тоо кен тармагы боюнча мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык документ иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейт.

«Ал документте кендердин түрлөрү, алардын жайгашкан аймактары жана кендерди иштетүүнүн шарттары тууралуу маалымат берлиши керек. Азыр тоо кен тармагында мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык документ жок. Мисалы, Кара-Кече көмүр кенинин жадагалса концепциясы да жок. Документ иштелип чыкса элге дагы түшүнүктүү болот. Ишкананын келиши менен кайдай маселелер чечилери анык болмок», — дейт Камчыбеков.

Ал түшүндүрүү иштери артта калып калгандыктан коомчулукта «кен иштеткен ишканалар өз кызыкчылыгы үчүн иштеп кетип калат» деген ой пайда болуп жатканын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM