Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Кенде жүздөн ашык жумушчу коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 488 | 0

Казакстандын Атырау облусундагы Тенгиз кенинде дагы 142 адамга коронавирус диагнозу коюлуп, алардын саны 689 га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн облустук ыкчам штабы кабарлады.

Маалыматка караганда, оорулуулардын бардыгы подряддык уюмдун кызматкерлери. Алар ооруканага жаткырылып, дарыланып жатышат.

Кенде илдеттин алгачкы учуру 8-апрелде катталган.

Тенгиз кенинде 500гө жакын подрядчы жана субподрядчиктердин 30,000 кызматкери иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM