Биз менен байланышыңыз

8 жылда тоо-кен тармагына байланыштуу 100 кылмыш иши козголгон

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 629 | 0

9 жылдын ичинде Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу комитетинин 5 төрагасына кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Анда мамлекет башчы аталган комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго кайрылып, бул жаатта рефрорма жүргүзүлүүсү керектигин эскертти.

-Реформаны өзүңөрдөн башташыңар керек. Саясатка туура келбеген кызматкерлерди кызматтан алгыла, — деди Жээнбеков.

Президент инвесторлорго кандай шарттар түзүлүп жатканына кызыкты.

-Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө сунуш даярдап жатабыз. Иштебей жаткандардын төлөмүн көбөйтүү керек, — деди Осмонбетов.

Анын белгилешинче, акыркы 8 жылда тоо-кенге байланыштуу ишкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге карата 100 кылмыш иши ачылган жана анын басымдуусу коррупция менен байланышкан.

Кошумчалай кетсек, 30-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кенешинин жыйыны өтүүдө. Анда күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM