Биз менен байланышыңыз

Айдаркен комбинатын алгалаткан кенчилер

Коом | 24 Дек 2018 | 1365 | 0

Күн сайын жер бетинен 25-30 метр тереңдикте убактысын өткөрүп, караңгылыкта, фонарь жарытып, жолун таап акча тапкан шахтёрлор. Мынтип 15-20 жылдап Айдаркен сымап комбинатында эмгектенгендер 300дөн ашуун. Жумушчулар күн-түн дебей, техниканы көзөмөлдөсө айрымдар сырьё казышат. Ден-соолукка зыян дегени менен жумушчулар өз иштерин жакшы аткарып, сыймыктанышат.

Айдаркен сымап комбинатынын шахталарында иштегендердин алды 20 жылдан бери ырыскысын ушул жерден таап келишет. Алар шахтанын кайсы бурчунда эмне бар, коён жатагына чейин билишет. Жумушчулар үчүн бул караңгы аймак тааныш болгону менен, жаңы эле түшкөндөр үчүн өөн анан кызыктуу көрүнөт. Геолог Майрамбек Араповдун айтымында, атайын Англия, Германия сыяктуу чет өлкөлөрдөн туристтер да келип турушат.

— Бул жерге туристер келишет. Жер астындагы жашоону көргөнгө кызыгышып  Англия, Германия. Швейцариядан туристтер келип турушат.

Күн сайын эрте мененки саат 6дан түшкү 1ге чейин биринчи тайпа жумуш аткарышса, калганын кечке чейинки убакта экинчи тайпа улантат. Ал эми техникаларды көзөмөлдөөчү адистер кээде 2-3 суткалап, шахта ичинде калышат. Анткени аларга чоң жоопкерчилик илинген. Алардын бири — Садык Рахатов.

-Ар түрдүү, 6 сааттан 24 саатка чейин иштейбиз. Кээде авариялык учурлар болгондо 3-4 суткалап калып кетебиз. Ишибиз бүтмөйүнчө, бузула турган болсо түзөтүп анан кетебиз.

Жанышбек Шүкүрбаев комбинаттын шахтасында көп жылдардан бери иштеп келет. Анын айтымында, жумуш мурдагыдан жеңил. Анткени комбинат быйыл кайрадан ишин жандантып, заманбап техникалар орнотулган. Жумушчулардын колу менен жасалчу жумуштар, эми оңой анан тез бүткөрүлүүдө. Мындай шартта, акы да убагында төлөнүп, мурдагы иштеп кеткен жумушчулар кайра орундарына кайтып келүүдө. Ал жер астында мынтип кен казуу ден-соолукка зыян дегенге каршы пикирде. Анткени бул жерде эмгектенгенден бери 6 балалуу болуп, баарынын ден-соолугу чың экендигин айтат. Жада калса, башка шахталарга салыштырмалуу кооптуулук да аз. Анткени сымап аралашкан үнкүрлөр бекем турат.

-Спортчулардан кем калышбайбыз. Ден-соолугум аябай жакшы. Сасык тумоо деле болбойм. Атайын биз үчүн тамак берилет. Күн сайын сүт, айран берип турушат.

Аталган шахтада учурда 300 кызматкер иштеп жатса, алдыда 1000ге жеткирүү пландалууда. Алардын көпчүлүгү жергиликтүүлөр. Шахтанын иштеп башташы жумуш орундарын гана түзүп тим болбостон, 3 айылды таза суу жана сугат суу менен камсыздоодо.

Эске сала кетсек, буга чейин комбинаттын шахтасын суу каптап калгандыктан, ал 10 жыл иштебей турган. 2017-жылдын июлунда ата мекендик компаниялардын бири менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, бирге иштеп башташкан. Келишимге ылайык, 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, чийки зат өндүрүүгө толук шарт түзүлдү. Маалыматка караганда, аймакта дагы 40 жылга жетчү сымаптын запасы бар. Учурда Кытай, Түркия, Орусия, Бразилия мамлекеттеринен суроо-талаптар түшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM