Биз менен байланышыңыз

Баткен: элдин күчү менен Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктады

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 1562 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктап, текшерүү үчүн, алгач ирет суу берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы Исфайрам дарыясынан Майдан айылына таза суу жана сугат суу тартып келүү боюнча жергииктүү эл демилге көтөргөн. Мындан улам жергиликтүү бийлик каржы булагын издеп, Беш-Арча тоо кен ишканасынын социалдык пакети жана “Ассалам” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулуш башталган.

Натыйжада узундугу 7,5 км болгон канал курулуп, 300 гектар жерге сугат суу жана 330 кожолукка таза суу жеткирилди.

Буга чейин айыл эли таза суу жана сугат суу үчүн Бант булагынын суусун пайдаланып келген. Жалпы жумуш 98%га аяктап, 12,8 млн сом жумшалды.

Жергиликтүү эл курулушка акысыз иштеп, курулушка тартылган эки оор техниканын айдоочусун эмгек акы менен камсыз кылышкан.

Опубликовано Чолпон Бердикуловой Суббота, 11 апреля 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM