Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 512 | 0

Бүгүн, 6-декабрда президенти Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

7-декабрда Жээнбеков Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышат.

Жээнбеков менен кошо президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Олег Панкратов, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков барат.

Copyright © 2017 Maral FM