Биз менен байланышыңыз

Быйыл 150 социалдык имарат колдонууга берилмекчи

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 523 | 0

2017-жылы социалдык обьектилерди курууга мамлекеттик казынадан 5,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев “Марал” радиосуна билдирди.

Бөлүнгөн каражат менен өткөн жылы 99 обьект курулуп бүткөн. Ал эми быйыл 2,9 млрд сом бөлүнгөнү менен жыл аягына чейин 150 обьект колдонууга берилмекчи. Анткени быйыл курулуш иштеринин көпчүлүк пайызы бүтүп калган имараттарды аягына чыгаруу максаты коюлган.

Ал эми 2000-жылдан бери бүтпөй турган имараттардын саны 463тү түзөт. Аларды толугу менен аягына чыгаруу үчүн 12,5 млрд сом керектелет.

Copyright © 2017 Maral FM