Биз менен байланышыңыз

Орусия АКШнын койгон шартына жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 607 | 0

Америка Орусия менен 30 жыл мурун түзүлгөн ракеталык келишимден чыгуу үчүн шылтоо издеп, ага Кремлди күнөөлөөнү көздөөдө.  Мындай пикирин орусиялык сенатор Алексей Пушков өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялады.

Бир нече күн мурда Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Москва 60 күн ичинде ракеталык келишимдин шарттарын аткарууга киришпесе, анда биз келишимди жокко чыгарабыз»,-деп орус тарапка шарт койгон болчу.

Пушковдун пикиринде бул ультиматум АКШнын ракеталык келишимден кутулуу технологиясы. Вашингтон ансыз деле аталган келишимди бузууну каалап жургөн, болгону буга негиз табылбай жаткан. Алардын койгон шартын аткарбашыбызды билери анык. Эми бүт дүйнөгө келишимдин бузулушуна Орусия күнөөлүү деп жарыялап, суудан кургак чыгып кетүүнү көздөшүүдө.

Эске салсак, жакын жана орточо аралыкка кетүүчү ракетаны чыгаруу боюнча келишим мындан 30 жыл мурун Горбачев менен Рейгандын тушунда кол коюлган. Дональд Трамп бийликке келгенден бери Кремлдин аталган келишимдин шарттарын аткарбай жатканын шылтоолоп андан чыгууну ниеттенген. Бул маселе акыркы кездери эки тараптын ортосундагы мамиленин бузулушунун куралына айланып калды.

 

Copyright © 2017 Maral FM