Биз менен байланышыңыз

2019-жылы бюджеттин кирешеси 10 млрд сомго көбөйөт

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Дек 2018 | 654 | 0

2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151,8 млрд сом, ал эми чыгашалар 161,9 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

2019-жылы бюджеттин тартыштыгы 10,2 млрд сом же ички дүң продукцияга карата 1,7% түзөт. Казынанын киреше бөлүгүндө өсүш болот. Алсак кийинки жылы өсүү 10 млрд сомдон көп болот.

2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,3 млрд сом болсо, кийинки жылы бул сумма эки эсеге азаят.

«Бюджеттин тартыштыгын жабуунун негизги булактары тышкы насыялар болчу. Алар азайтылганына байланыштуу биз дагы дефицитти азайтууга жетиштик. 2019-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Транспорт министрлиги бюджетин программалык негизде аткарат. Тагыраагы, бул эки министрлик штаттык санын өздөрү аныктаса болот. Аны министрлер чечет. Кадрлардын санын кыскартып калган кызматкерлерге кошумча айлык акы төлөп берсе болот. Мурда жылдык сумманы кварталдарга бөлсөк эми министрлик качан каражат керек болсо ошондо алат», — дейт Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM