Биз менен байланышыңыз

Ди-джей Азамат Бердияров: «Жашоо чоң барак»

Ди-джей маданияттын мыкты кызматкери Азамат Бердияров 3-декабрь мүмкүнчүлүктөрү чектелген күнүнө карата Марал радиосунун ардактуу коногу болду. Азамат мырзага берилген «Жашоо сиз үчүн эмне?» деген суроого төмөнкү мыкты жоопту калтырды.

«Жашоо — чоң бир ак барак деп билем.  Анткени ар бир күнүбүз өзүнчө бир барак, өзүнчө бир тарых деп эсептейм. Ал барак колубузда болот аны менен биргеликте калем да колубузда . Эмнени кааласак жазабыз, эмнени кааласак тартабыз, каалабасак тартпайбыз. Жана ошондой эле бир жазгандан кийин кайра өчүрө албайбыз. Ошол себептен эң алгач ойлонуп, анан ошол ак барака каалаганыбызды түшүрсөк   өкүнбөйт болушубуз керек. Ошондүктан жашоодо ар кандай сыноолорго сынбай сабырдуулук менен жеңип чыгышыбыз керек.»- дейт Азамат мырза

Белгилей кетсек Азамат Бердияров белгилүү бир радиолордо ди-джей болуп эмгектенет.

 

Copyright © 2017 Maral FM