Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчыга келген арыздардын 70% укук коргоо органдарына байланыштуу

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 529 | 0

Акыйкатчы институтуна келип түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарына байланыштуу. Мындай маалыматты Акыйкатчы Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда айтты.

4-декабрда болгон суйлөшүүдө Мамытов институттун «115 тез линиясынын» ишин жандандырып, анын жардамы менен жарандар ар кандай маселелер боюнча кайрылып жатышканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков институтка түшкөн тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, 10-декабрда Бишкекте Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу конференция өтмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM