Биз менен байланышыңыз

Батыш Вышинскийдин жагдайына тынчсызданууда

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 550 | 0

Батыш өлкөлөрү ушул жылдын май айында Украинада кармалып, эркинен ажыратылган журналист, Риа новости-Украина порталынын жетекчиси Кирил Вышинскийдин абалы боюнча тынчсыздануусун билдиришүүдө. Бул тууралуу Риа новости сайты жазып чыкты.

Кирил Вышинский 18-майда Украинадан өз алдынча бөлүнүп алган Донбасстын эгемендигин колдоо жана мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айыпталып, Киев соту аны убактылуу жайда кармоодо.

Европарламент, ЮНЕСКО баш болгон бир катар эл аралык адам укугу боюнча уюмдар жана мамлекеттер аталган окуя боюнча тынчсызданганын билдирип, бул сөз эркиндигине каршы кылмыш экенин белгилешкен. Адам өз көз карашын билдиргени үчүн же жактырганы үчүн гана эркинен ажыроосу демократиянын принциптерин одоно түрдө бузат деп эсептешет адистер.

Эске салсак, Вышинский Орусияга таянуу менен Украинадан бөлүнүп чыккан өзүн республика деп атап алган Луганск жана Донецк аймактары тууралуу маалыматтардан кийин кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM