Биз менен байланышыңыз

Зурабишвили: Орусия менен жалгыз калуу кооптуу

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 599 | 0

Грузиянын жаңы президенти Саломе Зурабишвили шайлоодон кийин биринчи жолу басылмаларга маек берди.

Анда ал алдыдагы пландары тууралуу айтып, Грузияны европалык өлкө кылууга болгон дараметин жумшаарын белгиледи. Ошондой эле биринчи кезекте Евробиримдик менен НАТОго кошулууга катуу аракет кылаарын билдирди.

Ал эми Орусия менен болгон мамилеси тууралуу суроого:

«Орусия азыр мурдагыдай эмес. Абдан агрессивдүү. Аны менен жалгыз калууга болбойт. Ортодогу конфликттерди чечүүдө сөзсүз европалык өнөктөштөрүбүзгө таянып, алардын катышуусу менен диалог кылуу абзел. Бирок азыр эмес, келечекте сүйлөшүүгө барабыз»,-деп жооп берди.

Кошумчаласак, 76 жаштагы Саломе Зурабишвили Францияда төрөлүп-өскөн. Ал 30 жыл бою Францияда дипломаттык кызматтарда иштеген. Грузияга 2003-жылы гана Франциянын элчиси катары келген. 2004-жылы Саакашвилинин бийликке келиши менен Грузиянын жарандыгын алып, өлкөнүн Тышкы иштер министри болуп дайындалган. Саакашвили менен пикир келишпестиктердин айынан командадан чыгып кетип, оппозициялык «Грузин кыялы» партиясы менен ымала тузүп, анын колдоосунда 6 жылга президент болуп шайланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM