Биз менен байланышыңыз

Талаштуу Куриль аралдары: Абэ менен Путин сүйлөшүшөт

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 617 | 0

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен орус лидери Владимир Путин Буэнос Айрестеги саммиттин алкагында жолугуп, сүйлөшөрү маалым болду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар экинчи дүйнөлүк согуштан бери орной элек тынчтык келишимин түзүү боюнча бир нече жылдардан бери талкуулап келе жатышат. Бирок алигүнчө ага жетише элек. Буга тоскоолдук жараткан башкы маселе-талаштуу түштүк Куриль аралдары.

Дээрлик 200 жылдан бери талашка түшүп келген архипелаг  экинчи дүйнөлүк согушта Советтер союзунун жеңиши менен бүт бойдон Орусияга берилип кеткен. Бирок Токио  андагы Итурупа, Кунашира, Шикотана  жана башка бир катар жапайы аралдардын өзүнө таандык экенин айтып келет. Кремль болсо аталаган аралдардын үстүнөн Орусиянын эгемендиги шексиз экенине ишендирүүгө аракет кылууда. Ошондой эле муну эл аралык укуктук түзумдөр тастыктаганын эскертет.

Эске салсак, ушул жылдын сентябрь айында Путин Японияга атайын иш сапары менен барып, тынчтык келишиминин маанилүү кадамын жасаган болчу. Ал эми бул сапар алар G20нын саммитинде Аргентинада жолугушуу үчүн барышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM