Биз менен байланышыңыз

Ар бир мектепке 2ден чет элдик ыктыярчы алып келүү сунушталды

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 658 | 0

Кыргызстандагы ар бир мектепке 2ден чет өлкөлүк ыктыярчыларды алып келүү сунушталды. Мындай сунушту депутат Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Мындай жол менен окуучулардын англис тил билимин жогорулатууга болорун эске салды.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева азыркы учурда өлкөдө 70 чет элдик ыктыярчы билим берип жатканын айтып, сунушту ишке ашырууга болорун билдирди.

Депутат бул ишти Тынчтык корпусу аркылуу жүзөгө ашырууга болорун, алар мугалим менен камсыздоого чамасы жетерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM