Биз менен байланышыңыз

44 миң жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактан өтпөй калды

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 680 | 0

2018-жылдын 9 айы боюнча айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактан өтпөй калгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 22 пайызга өстү. Көрсөтүлгөн убакыт ичинде айдоочулукка окуган 44 миң жаран сынактан өтпөй калган. Ал эми өткөн жылы алардын саны 15 миңди түзгөн болчу. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, курсантка 20 суроо берилет. Веб-камера аркылуу жүргүзүлгөн сынакта 18 суроого туура жооп берсе гана өтөт. Ал үчүн 25 мүнөт убакыт берилет.

Учурда айдоочулук күбөлүк берүүдө адамдык факторду жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу иштери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM