Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Келерки жылы өкмөттүн курамы өзгөрөт

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 563 | 0

Келерки жылы өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр күтүлөт. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди. Ал өкмөттүн азыркы курамы менен алыска бара албастыгын айтып, бул боюнча ойлор пайда болгонун да белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеште 2017-жылдын бюджетинин отчётун бекитүү, 2018-жылдын бюджети жана алдыдагы 2 жылга карата болжолу боюнча мыйзамы экинчи окууда каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM