Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев Путинге: -Батукаевден кийин сүйлөшпөдүк беле? Ички иштерди мен өзүм чечем,-деген»

Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 3167 | 1

Нариман Түлеев түрмөдө отурган кезде Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУнун жыйынына келип, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевден аны камактан чыгарып коюусун суранган.» Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мурунку мэри “Марал” радиосуна берген маегинде өзү билдирди.

«Мен Атамбаевге Путин чыкты беле деп сурасам, «чыккан» деди. Ал эми мага жанында отурган жардамчысы Ушаков мынтип айтып берди дедим. «Атамбаевге эмне мынча жаманатты кылдың эле? Путин айтканда Атамбаев секирип турду.  Атамбаев «Владимир Владимирович, Батукаевден кийин сүйлөшпөдүк беле? Ички иштерди мен өзүм чечем. Сырткы иштерге макул мен аралашпайм» дегенде, Путин унчукпай калды» деди десем, Атамбаев «Жок, андай болгон жок. Өзүм аралашкан жокмун» деди», — дейт Түлеев.

Эске салсак, 2012-жылдын августунда Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып алууда мамлекеттик каражатты жымырып алган деген айып тагылган. Ал камакка алынып, 2016-жылдын 7-майында бошотулган.

1 пикир

1 пикир

  1. Чыке

    29.11.2018 11:52

    Ээ Нариман Тулеев акен жанын жеп олуп баратат го кана макатанган Кытайдын автобусу 10 жылга жетпей гаражда чирип жатат го. Кыштын куну 0збек туугандар газын очургондо кайда элен эмне кыйынсынып жатасын сени дагы он жылга камаш керек ошо кытайдан келген автобустарды кунун толук толотуруш керек болчу силерге бийлик керек жегич.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM