Connect with us

Австралиядагы катуу ысык жарганаттардын массалык өлүмүнө алып келүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 826 | 0

Австралиядагы аба ырайынын кескин ысып кетүүсү жаныбарлардын, арасында жарганаттардын массалык өлүмүнө себеп болууда. Бул тууралуу АВС телеканалы кабарлады.

Жүздөгөн жарганаттар өлкөдө 40 градустан ашкан ысыктын айынан кырылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче аба ырайынын кескин ысышы жарганаттардын багытынан адашып,  адамдардын арасына кирип, кол салган учурлары арбын катталган.

«Акыркы 24 сааттын ичинде эле бир нече жарганаттын тырмалап, тиштеп алган учуру катталды. Демейде бир жыл ичинде мындай абал 30-40 ирет учураса, биз акыркы бир суткада эле жети кол салуудан жабыркагандарды каттадык»,-дейт Куинсланд штатынын саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлу Ричард Гэр.

Эске салсак, бул өзгөчө өлкө-планетада катуу ысыктан пайда болгон кургакчылыктын айынан ири өрт чыгып, учурда аны өчүрүү иштери журүүдө. Дагы бир жагдай Австралия азыр жай мезгилине кирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM