Биз менен байланышыңыз

Айгерим Эшим: Эски ырларга экинчи өмүр берип атам…

«Желе шоу» программабыздын кезектеги коногубуз жаш эстрада ырчысы  Айгерим Эшим болду. Ал азыркы учурда элге бат таанылыш үчүн эски ырларга жан киргизип жаңылап ырдап чыгарын баса белгилеп өттү.

«Ооба, азыркы учурда эски ырларга экинчи өмүр берип жаткандар аябай көп болуп жаткан учур. Анткени аны элдер билет жана бат кабыл алышат. Мына ошол аркылуу бат таанылса болот. Бул менин эң башкы максаттарымдын бири.  Өз учурунда хит болгон эски ырларга азыр жан киргизип жаңылап ырдап чыксаң, элге да бат сиңип бат тааныласың деген ойдомун. Учурда «Таалай элеси» тобунун «Жүрөк сыры» аттуу ырын жаңылап жатам. Бул ыр апама жана өзүмө абдан жаккандыгы үчүн тандап алдым «, — дейт Айгерим Эшим.

Эскерте кетсек, Айгеримдин сөзү жана обону өзүнө таандык болгон «Бакыт» аттуу ыры азыркы учурда хит болуп, көптөгөн угармандырды бакытка балкытып турган учуру.

Copyright © 2017 Maral FM