Биз менен байланышыңыз

Цирктин жамааты министрликке арызданды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 896 | 0

Мамлекеттик цирктин жамааты жетекчиликтин ишине нааразычылыгын билдирип Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылуу жиберди. Бул тууралуу “Марал” радиосуна цирктин чыгармачылык тобунун жетекчиси Бегалы Мурзалиев билдирди.

Цирктин жетекчилиги директору Курмангазы Исанаев, анын орун басары Кусеинова Д.К. бир нече жылдар бою көптөгөн мыйзам бузууларды жасаган. Исанаев жетектеген 14 жылдын аралыгында цирк өнүкмөк тургай, артка кеткендиги катта айтылган.

Артисттердин даярдык көрө турган жерин кафеге ижарага берип койгон. Мындан сырткары имараттын бир бөлүгү циркке таптакыр тиешеси жок максатта пайдаланылууда. Артисттердин реквизиттери жана костюмдары көптөн бери жаңылана элек.

Цирктин балансында учурда 3 ат жана эки ит бар. Буга карабай циркте штатта иштеген жумушчулардын саны артып баратканын айтышкан. Бүгүнкү күндө 136 адам иштесе, алардын 39у гана цирктин артисттери болуп саналат.

«Биз маалымат каражаттарынан Исанаевдин ЖК депутатты Аида Касымалиевага чалып, «парлементтин күн тартибинен цирктин маселесин алып салгылачы» деп суранып чалганын окуп алып таң калдык. Муну менен директор жана анын орун басары көйгөйдү чечүүгө тоскоолдук жаратып, чыгармачыл жамаатты уккусу келбей турганын көрсө болот. Алар цирктеги болгон коррупцияны жашырбастан, өздөрүнүн да ага катыштыгы бар экендигин билдирет» , — деп айтылат билдирүүдө.

Бул маселе боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги комментарий бере элек.

Башкы прокуратура цирктеги кылмыш иштери боюнча айтты

Copyright © 2017 Maral FM