Биз менен байланышыңыз

Токтакунов: Сот реформасы жалаң гана мыйзамдарды өзгөртүү эмес

Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 588 | 0

Сот реформасы жалаң гана мыйзамдарды өзгөртүү эмес. Сот реформасын жасаш үчүн бийлик бутактарында тең салмактуулук болушу керек. Мындай пикирин укук коргоочу Нурбек Токтакунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөп, кылмыштын бетин чогуу ачканда уурулуп азаят. Ошондо саясий күчтөр каршы болуп бири-бирин көзөмөлдөшөт.

«Саясий күрөш болсо уурулук азаят, соттор, тергөөчү, прокурорлор мыйзамды карап калат. 2010-жылдан тарта Жогорку Кеңеште бир топ саясий күчтөр пайда болду. Ошондо соттор кимге баш ийиши керектигин билбей, айла жок мыйзамды карап калышкан»,-дейт Токтакунов.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда, парламентке өзүнө баш ийген саясий күчтөрдү алып келгенин айтат.

«Текебаев Атамбаев менен биригип алып саясий куугунтук кылганын мойнуна алды. Мисалы, Өмүрбек Бабановду өкмөттөн алып салганда, бир топ депутаттардын кол тийбестигин алып салышканда… Булардын тергөөсүн карасак мыйзам бузуулар көп болду»,-дейт укук коргоочу.

Copyright © 2017 Maral FM