Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Сауд Арабиянын элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 668 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда тараптар тараптар саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерине токтолушту.

Ошондой эле министрликтер ортосундагы эки тараптуу консультацияларды, бийик деңгээлдеги иш-сапарларды уюштуруу иштерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM