Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүү сунушталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 1044 | 0

Маданиятка кызмат кылган Эмгек сиңирген жана Эл артисттеринин пенсиясын көбөйтүү керек.  Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз парламент жыйынында билдирди.

Депутат мындай пикирин айтып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровго кайрылды. Шер-Нияздын айтымында, Эмгек сиңирген жана Эл артисттери аз өлчөмдөгү пенсия алышат, ал эч көбөйбөйт.

“Алар искусствонун, маданияттын генералдары. Эмнеге мамлекет дайыма күч органдарынын төлөмүн такай көбөйтүп, ал эми артисттер тууралуу унутуп коёт? Эмне үчүн?”- деп сурады.

Кочкоров пенсиялык саясат менен министрлик эмес, Соцфонд алектенерин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жана маданият ишмерлеринин реестри түзүлөт. Аларга тарифтик сетканын негизинде пенсия белгиленет деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда орточо пенсиянын көлөмү 5 мин сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM