Биз менен байланышыңыз

Василивецкий Жээнбековдун шайлоо фондунан 170 миң доллар алганын ырастады

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 592 | 0

Орусиялык журналист, КСДП партиясынын мурунку пиар боюнча адиси Алексей Василивецкий Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегени үчүн 170 миң АКШ доллар алганын ырастады.

Ал өзүнүн видео кайрылуусунда өткөн жылы Кыргызстанда өткөн шайлоо компаниясына катышып-катышпаганына кызыгып, буга чейин журналисттер кайрылганын айткан. Анда ал чындыкты айтуудан коркконун да жашырган эмес. Анткени Кыргызстандын мыйзамы боюнча шайлоо кампаниясына чет элдик жарандар катыша албастыгын билген.

“Бирок мен эч кандай мыйзам бузбаганымды кийин билдим. Анткени штабдагы менин милдетим, жөн гана кеңеш берүү болчу. Мен эч кимди үгүттөгөң эмесмин. Сооронбай Жээнбеков менен өткөн жылдын март айынан бери иштеп баштадым. Муну текшерүү оңой эле. Өкмөт үйүнө атайын уруксат менен киргенимди карашса эле дароо маалым болот,”-деген Василивецкий.

Российский журналист и историк Алексей Василивецкий решил выступить с заявлением в связи с событиями последнего времени в Кыргызстане.

Опубликовано БеспределKG Суббота, 24 ноября 2018 г.

“Менин алган акым боюнча көп сөз болду. Башкалардыкы тууралуу айтуу кыйын. Өзүмдүкүн айтсам, жарыяланган тизмеде көрсөтүлгөн сумма менен дал келет. Мен ал каражатты алганга толук укугум бар  болчу. Анткени менде консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн патентим бар болчу”,-деп кошумчалады.

Ал өзүнө карата коркутуу аракеттерин байкап, Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечкен.

Кошумчалай кетсек, буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов өткөн жылы болгон президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын чыгымдары деп, тизмектелген материалды социалдык тармакка жайгаштырган. Президенттик аппарат анын “фейк” маалымат экенин айтып, четке каккан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тизмедеги маалыматтардын чын экенин билдирген болчу. Штабдагы башкы эсепчи Кыргызстандан чыгып кеткенин да кошумчалаган эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM