Биз менен байланышыңыз

Климаттын өзгөрүүсү бойдон түшүүгө себеп болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 880 | 0

Бангладеште акыркы жылдары кош бойлуу аялдардын боюнан түшүүлөрү көбөйгөнү байкалды. Кээ бир аймактарында бойдон түшүүнүн көрсөткүчү 11%га жеткен. Бул абалды байкоого алган эл аралык жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелери буга климаттын өзгөрүүсү себеп болгонун жарыялашты.

Чынында бир канча районунда деңиз менен чектешкен өлкөдө климаттын өзгөрүүсү кургактыкка алып келип, сууларды туздуу кылып жиберген. Дал ушул ашыкча туздуу суу аялдардын боюнан түшүүсүнө алып келүүдө.

Дарыгер Манзур Ханафи: «Климаттын өзгөргөнү анык. Анын таасири топурактан эле билинип турат го. Бул жерлерде эч нерсе өспөй да калды. Бирок адамга тийгизген таасирин бары эле билбей жатпайбы»,-деп кейиди.

Норма боюнча адам баласы бир күндө 5 граммга чейин туз колдонуусу керек. Бирок Бангладештин көпчүлүк аймактарында  адамдардын күндүк азыгындагы туздун көлөмү 16граммга жетет. Кургак мезгилдерде топтолгон туздар жаандуу учурларда калк колдонгон таза сууларга да аралашып кетет.

Байкоолордун жыйынтыгы боюнча деңизден узак жана бийик чөлкөмдө жашагандарга караганда ага 20 кмге чейин жакын жашагандарда бойдон түшүү 15%га көп учурайт.  Мындан улам деңиз  жээгине жакын жашагандардын мүмкүнчүлүгү барлары тоолуу, деңизден узак аймактарга көчүп кетишүүдө. Бирок мындайлар аз гана. Көпчүлүк карапайым эл жакыр жашоодо жашагандыктан өз айылдарынан сыртка чыга алышпайт.

Copyright © 2017 Maral FM