Климаттын өзгөрүшү 2000-жылдан бери табигый кырсыктардын эки эсе көбөйүшүнүн негизги себеби болууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Табигый кырсыктарды азайтуу бюросунун 13-октябрда Женевада окуган баяндамасында айтылды.
БУУнун бюросу 2000-жылдан 2019-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү 7348 ири табигый кырсыкты каттоого алган. Бул 1980-1999-жылдардагыдан дээрлик эки эсе көп. Азияда болжол менен 3 миң, Америка континентинде 1800, Африкада миңге жакын кырсык болгон. Негизинен климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан жер титирөөлөрдүн, цунамилердин жана кыйроолордун саны 3600дөн дээрлик 6600гө чейин өскөндүгү катталган.
Күндүн өзгөчө катуу ысышынын кесепетинен эле 165 миң адам каза болгон. Ал эми табигый кырсыктардан жалпысынан 4,2 миллиард адам жапа чеккен. Бул мурунку жыйырма жылдагыга салыштырмалуу бир миллиардга көп. Кырсыктардын экономикалык зыяны 3 триллион долларга жеткен. Баяндамачылар чыныгы зыяндар бир топ жогору экендигин белгилешип, көптөгөн өлкөлөр, айрыкча Азия жана Африка жаратылыш кырсыктарынын экономикалык кесепеттери жөнүндө маалыматтарды жарыялабай тургандыгын кошумчалашкан.
«Биз бузуп жатканыбызды толук билип туруп, зыян келтирип жатабыз. Бул акыркы 20 жылдагы кырсыктарды анализдөөнүн жыйынтыгынан чыгарылышы мүмкүн», — деди БУУнун Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча башкармалыгынын башчысы Мами Мицутори.
Ошондой эле ал дүйнө жүзүн климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу үчүн күч-аракеттерди жумшоого чакырды.