Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө 70 миллион адам үйүнөн качкан

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 552 | 0

2018-жылы өз үйүн таштап кеткендердин саны мурдагы жылга салыштырмалуу 2,3 миллионго өскөн. Жалпы эсеп боюнча алганда 70 миллионго жеткен. Ага үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өлкө ичиндеги чыр-чатактар, эл аралык касташуулар, ошондой эле адам укугунун бузулушу себеп болгон. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди бүгүн, 19-июнда Женевадагы жыйында жасаган «Глобалдык тенденция»  аттуу баяндамасында билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын соңунда жалпы дүйнө боюнча 25,9 миллион качкын, 41,3 миллион ички мигрант жана 3,5 миллион селсаяк катталган. Качкындардын үчтөн экисин 5 өлкөнүн жарандары түзөт. Алар: Сирия (6,7 млн), Ооганстан (2,7 млн), Түштүк Судан (2,3 млн) жана Сомали (0,9 млн).

Ал эми качкындарды кабыл алуу боюнча биринчи орунда Түркия турат. Түркия жалпы 3,7 миллион качкынга өлкөсүнө кирүүгө уруксат берген. Андан кийинки орундарда Пакистан (1,4 млн) жана Уганда (1,2 млн) өлкөлөрү турат.

Copyright © 2017 Maral FM