Биз менен байланышыңыз

Прокурордун өлүмүнө шектелген жаран күнөөсүн мойнуна алды

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 1050 | 0

Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков күнөөсүн мойнуна алды. Сурак учурунда шектүү: «Биз Мамажакыпов экөөбүз уруша кеттик. Анан мен ага ок чыгардым»,-деп билдирген. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Арстан Усанов ЖМКга билдирди.

«Шектелген жаран Мамажакыповду атып өлтүргөнүн мойнуна алды. Ал кылмышты жашыруу үчүн прокурордун денесин өрттөөгө аракет кылган. Окуя болгон жерден октун гильзалары табылып, кылмышкердин үйунөн куралдын өзү жана патрону кармалды»,-деп билдирди А.Усанов.

Эске салсак, каза болгон прокурордун сөөгүн 18-ноябрь күнү таңда Төрт-Күл суу сактагычынын жанындагы жолдун боюнан табышкан. Анын денесинде катуу соккунун жана октун изи табылып, кылмышка шектүү катары облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Эки күн мурда ал тергөө учурунда кыйноого кабылганын айтып, курсагындагы көк-ала издерди көрсөткөн. Бирок, аймактык Ички иштер башкармалыгы ал издер набыт болгон прокурор менен болгон мушташта алган жарааты экенин билдиришкен.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM