Биз менен байланышыңыз

1.5 тонна мыйзамсыз бензин кармалды

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 528 | 0

Казакстандан Кыргызстанга 1.5 тонна мыйзамсыз күйүүчү май алып кирүүгө аракет кылган кыргызстандык үч жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аталган жарандар «Чон Капка унаа жолу» көзөмөл-өтмөк пунктунда текшерүү учурунда кармалышкан. Алар кошумча идиштерге куюлуп,  үч унаага жүктөлгөн ири көлөмдөгү бензинди эч кандай тийиштүү документи жок өткөрүүгө аракет кылышкан.

Мыйзамсыз жүк ташууга шектелген үч жаран унаалары менен бирге аймактагы Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM