Биз менен байланышыңыз

Нариман Түлеев: Атамбаевди камаш керек

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 1644 | 1

Бүгүнкү аткарыла турган иш экс-президент Алмазбек Атамбаевди камаш керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги коомдук, саясий уюмдардын курултайында айтты. Ал сөзүнүн башында Атамбаевдин убагында биринчилерден болуп саясий курмандыкка кабылганын айтты.

Атамбаев менен учакта бир учуп калганын, анда нааразылыктарын 3,5 саат айтып бергенин эстеди.

Бүгүнкү күндө эң бай адамдар соттор, прокурорлор экенин айтып, алар да биз көргөн күндөрдү көрүшү керек деди.

2012-жылы Ата Журт партиясы менен келгенде Атамбаевдин бийлигине катуу турганбыз. Ата тегибизге чейин сөгүшкөнбүз. Мунун аягында мен баш болуп 18 киши соттолдук”- дейт Түлеев.

Ошондой эле азыркы президент Сооронбай Жээнбековду Атамбаев «досум мени сатып кетти» деп айыптаганы менен ал элди сатпай көз карандысыз президент болгону үчүн баш ийишибиз керек деди.

«Мен азыркы президентти билбейм, өмүрүмдө көргөн да эмесмин, колун да кармаган эмесмин, суранган да эмесмин, бирок аны колдоп беришибиз керек«- деп сөзүн жыйынтыктады Түлеев.

Айта кетсек, курултайга жалпы 600дөй адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Исмаил Исаков жана башкалар бар.

Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаковдор бар.

Түлеев: Атамбаев менен 3 жарым саат сүйлөштүк

1 пикир

1 пикир

  1. Чыке

    25.11.2018 20:11

    Туулеев тим эле кыйын го кытайдын автобусучу мер болуп турганында кытайдын автобустары 100 эле автобус каттап турат калгандары чирип жатат сени каматыш керек Бакиевдин адамы кийинки кездерде май токочтор кобойуп кетти апрел революцияда курман болгондордун кусуру урсун силердин эми кыйынсынып калдынарбы андай эле кыйын экенсин атасы-энеси жок кочодо жургон жаш балдарга, ошол балдарды 18-жашка чейин чонойгуча каралашып кийим кечесиге окуусуга жардам бербейсинерби. Дагы кыйынсынып курутай откорушот. Мин мине мына зар да кезекте ооруканаларда оруусу чыдатпай кезекте жалдырап турган орулуу адамдарга жардам бербейсинерби, канчасы жаштарыбыз асынып олуп жатат бироонор мына ушул койгойду чечтинерби Аша ырахмат деш керек ал жалгыз эмес ээ козунорду ачкыла.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM