Биз менен байланышыңыз

Шамшиев: Кеңештин алкагында мекендештерге долбоор сунушталат

Күн чекит | 22 Ноя 2018 | 857 | 0

Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча президентке караштуу кеңеш түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда кол койду. Президенттин алдында жаңы түзүлгөн кеңештин максаты жана иштөө тартиби тууралуу суроолорго «Күн чекит» программасында Миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев жооп берген.

Президент кол койгон жарлыктын негизги өзгөчөлүгү эмне?

Кеңеш түзүү демилгеси чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктар тараптан чыккан. Үстүбүздөгү жылы мекендештер форуму өтүп, ага президент да катышкан. Ошол жерде мекендертер менен мамлекетти жакындатуу максатында дал ушундай кеңешти түзүү тууралуу сөз болгон. Башкы максаты алар менен алаканы дагы жаңы деңгээлге чыгаруу болуп саналат жана да алардын көйгөйүн чогулуп талкуулап туруу.

Кеңеш канча мүчөдөн турду жана бул тизмеде кимдер бар?

Кеңешке жалпысынан 42 адам кирди. Алардын катарында президент, депутаттар, вице-премьер-министр, Тышкы иштер министри жана Экономика министри болду. Буга кошумча Миграция кызматынын төрагасы жана калганын дүйнөнүн  ондон ашык өлкөсүндө жашаган биздин мекендештер түздү.

Эми бул кеңеш кандай тартипте иштейт? Учурда иштин пландары бекилдиби?

Бул кеңеш жаңы гана түзүлдү. Иш планы жөнүндө азыр сунуш даярдап жатабыз. Тагыраагы, биринчи жыйында каралчу маселелердин тизмесин иштеп чыгуу. Буюрса, жыл соңуна чейин президентке киргизебиз. Андан кийин сунушту чет өлкөдөгү биздин мекендештерге сунуштайбыз. Алар дагы өз ой-пикирлерин айтат.

-Буга чейин президент мекендештерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды эле. Эми бул багытта сиздер тараптан мекендештерге атайын долбоорлор сунушталабы?

Азырынча так долбоорлор жок. Бирок кеңештин мүчөлөрү тараптан демилгеленсе ал сөзсүз түрдө каралат. Миграция кызматы экономикалык долбоорлордон башка социалдык долбоорлорду иштеп чыгууну карап жатабыз. Ошол эле мектеп, таза суу жана башкалар. Бирок сөзсүз түрдө чет өлкөдө жүргөн мекендертерге атайын сунуштар болот.

Кеңештин биринчи жолугушуусу кайсы мөөнөткө белгиленди?

Биз жыйынды өткөрүү мөөнөтүн болжолдуу  белгилеп алып президентке киргизебин. Андан соң гана так белгилүү болот. Ал 2019-жылдын I жарым жылдыгы деп жатабыз.

Маегиңизге чоң рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM