Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жумуш орундарын сунуштаган жарманке өтөт

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 1085 | 0

23-ноябрда Бишкек шаарында жумуш орундарын сунуштаган жарманке өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарманкеге Бишкек жана Чүй облусундагы 30дан ашуун ишкана, уюмдар катышып, 3000ге чукул жумуш орундары сунушталат. Вакансиялар коммуникация, тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш тармагы боюнча болот.

Иш-чара Токтогул 237 дарегинде, министрликтин шаар башкармалыгынын имаратында өтөт. Жарманкенин алкагында жумуш берүүчүлөр менен түз байланышса болот.

Copyright © 2017 Maral FM