Биз менен байланышыңыз

«От», «Көк кит», «Момо»: өспүрүмдөрдүн өмүрүн тооруган интернет оюндары

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 904 | 0

Англиянын жана Уэльстин ооруканаларынын жетекчилери өспүрүмдөрдү тооруган коркунучтар тууралуу катуу камтама болушууда. Алар акыркы кездери көп сандагы өспүрүмдөр оюндардан улам ар кандай деңгээлдеги жарааттар менен ооруканага түшүп жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу британиялык басылмалар жазды.

Дарыгерлердин айтымында, өспүрүмдөр денесиндеги олуттуу күйүктөр менен ооруканага түшүп, натыйжада  денеси орду толгус зыяндарга кабылууда. Буга төрт жыл мурун Америкада пайда болгон  «Fire Challenge(от оюну)» мобилдик тиркемеси себеп болууда. Ага ылайык өспүрүмдөр өзүнүн денесин күйгүзүп, процессти социалдык желеден түз көрсөтүүсү керек.

Марристон шаарындагы бейтапканада пластикалык хирург болуп эмгектенген Жереми Ярроу буларга токтолду:

Бүгүнкү күндө өспүрүмдөргө катуу басымдар бар. Алар өздөрүнө зыян берүү менен башкалардын көңүлүн бурдуруп, коомдук желеде таанылууга түртүлүп жатышат. Ал эми бейтаптар тууралуу айтсам, алар, тилекке каршы, жандандыруу бөлүмүндө узакка калгандан кийин өмүр бою денесиндеги тырык менен өтүүгө мажбур болушат.

Мындан сырткары 2016-жылы Британияда пайда болгон «Көк кит» оюну дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан жүздөгөн өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусуна себеп болгон. Ошол жылдын ноябрь айында аталган оюнду Орусиянын аймагында «Вконтакте» кызматындагы баракчасы аркылуу жүргүзгөн Филипп Будейкин камакка алынган. Будейкин тергөө учурунда дүйнө калкынын жарымы биоташтанды экенин айтып, алардын өз өмүрүнө кол салуусу жерди таштандыдан арылтарын билдирген. Ал учурда жазасын өтөп жатат.

Ал эми ушул жылдын башында Латын Америкада пайда болгон «Момо» оюну Аргентинадан баштап Японияга чейин тараган. Анын өлүмдү эстеткен коркунучтуу жүзү психологиялык жактан бышып жетиле элек өспүрүмдөрдү дароо арбап, коркунучка түртөрүн айтышат адистер.

Ал коомдук желеде күтүүсүз пайда болуп купуя жазышууга өтөт. Ал жерде ар түрдүү үрөй учурган сөздөрдү жазуу учурунда «туткунунун» профилиндеги бардык маалыматтарды алып коёт. Жеке маалыматтарды курал катары пайдаланып, өзүн каршысындагы адамды жакшы тааныган же жанында аңдып жүргөн катары таанытат. Ошону менен ар кандай тапшырмаларды берип, акырында  өз өмүрүнө кол салууну буйруйт.

Негизинде «Момонун» «Тоок аял»образын япониялык атайын эффекттерди жасоочу Link Factory компаниясы 2016-жылы Vanilla Galery көргөзмөсүндө көрүүчүлөргө сунуштаган. Бирок алар бул образ канча адамдын өлүмүнө себеп болорун андашпаса керек. Көпчүлүк өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтары алдын-алуу максатында мектептерде түшүндүрүү иштерин  өткөрүп келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM