Биз менен байланышыңыз

Airbnb Израиль ээлеп алган айыл-шаарларда кызмат көрсөтпөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 626 | 0

Америкада негизделип, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда кызмат көрсөткөн кыймылсыз мүлк боюнча интернет-агенттик Airbnb Иордания Батыш жээгиндеги Израиль мыйзамсыз басып алган айыл-шаарларда кызмат көрсөтпөй турган болду. Бул тууралуу агенттик расмий сайтынан кабарлады.

«Биз эл аралык укук нормаларына ылайык иш алып баруубуз шарт. Буга чейин аталган аймактарга Израиль өкмөтүнүн мыйзамы боюнча кымат көрсөтүп келгенбиз. Бирок бул аймактар Израиль-Палестин жаңжалынын очогу болгон үчүн биз бул маселени курчутпоону көздөдүк. Буга чейин эл аралык укук коргоо жана тарапсыз уюмдар ал жердеги биздин кызмат берүүбүздү сындап келишкен. Биз бир катар эксперттер менен кеңешип, бул аймактагы кызматтарыбызды жокко чыгарууну чечтик»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилүү агенттиктин мындай чечими Израиль өкмөтүн тынчсыздандырды. Өлкөнүн Туризм министри Ярив Левин агенттиктин бул кадамын бөлүүчү, кемсинтүүчү жана кооптуу саясат экенин айтып, туризм индустриясын буга каршы ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Кыймылсыз мүлк агенттиги негизинен турак-жай сатып алуу, сатуу жана кыска мөөнөткө ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтөт. Ал жалпысынан талаштуу аймакка тиешелүү делген 200дөй кардарынын жарнамасын сайттан алып салды.

Бул кадамды палестиналыктар кубаттады. Анткени Батыш жээктеги палестин айылдарынын ортосундагы бош жерлерге еврейлер айыл-шаарларды салып, палестин айылдарын бири-бири менен катташа алгыс кылып бөлүп салышкан. Артынан бөлүнгөн айылдарды да ар кандай ыкма менен сүрүп, кетүүгө аргасыз кылып келишет.

БУУ Израиль тараптын бул аракетин сындап, курулган айыл-шаарларды мыйзамсыз деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM