Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: жаратылышка кол салгандар айып төлөбөй жатат

Коом | 20 Ноя 2018 | 1151 | 0

Ысык-Көлдө кызыл китепке кирген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо максатында рейд иштери уланууда.  20-ноябрга катара мыйзамсыз аӊчылык боюнча 79 учур катталды.

-Ысык-Көлдө чектелген аймактык корукта жапайы, жырткыч айбанаттардын бардыгы коргоого алынат. Бүгүнкү күндө облус боюнча аркар-кулжа, тоо эчки, текелер, ак илбирс, сүлөсүн, аюу, карышкыр, түлкү жана башка жаныбарлар бар. Ал эми канаттуулардан улар, таз жору, бүркүт сыяктуу агыр куштар байыр алып келет,-деди Ак-Суу районундагы Хан Теӊири жаратылышты коргоо паркынын жетекчиси.

Тилекке каршы, мыйзамсыз аӊ улагандардын саны кыскарбай келгендигин токой мергендери билдиришет. Себеби быйылкы жылдын 20-ноябрына карата көлдүн айланасындагы тоо этектеринен жана аска зоолордон жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян алып келген 79 учур катталды. Аларга карата тиешелүү иш кагаздар толтурулуп, эскертүү берилген. Бирок айрым жашоочулар түшүнүү менен кабыл алышса, көпчүлүгү аткарбай жатышат. Бул кызматкерлердин аздыгынан кабар берерин Марат Токтогулов билдирди:

-Ысык-Көл облусу боюнча штаттык бирдикте 12 егерь кызматкер бар. Жылына көп жолу браконьерлик иш катталат. Чынын айтканда, кызматкерлердин аздыгынан баарына доо коюп, аныктоого физикалык жактан жетишпейбиз. Мыйзамсыз аӊчылыкты токтотууга аракет кылабыз. Ошентсе деле ар кандай эл болот. Кээ бирөө экинчи жаратылышка зыян келтирбейбиз деп түшүнсө, айрымдарында курал болот. Бычак, балта менен кармашкан күндөр бар. Алар кадимкидей эле чабуул жасашат.  Ар кандай кырдаал болот, кээде күч колдонууга да туура келет.

Атап айтканда, аймакта мыйзамсыз аӊчылык жүргүзгөндөр мамлекеттик жаратылышка 1 миллион 832 миӊ сомдук зыян алып келишти. Аны өндүрүүдөн сырткары браконьерлерге 95 миӊ 800 сом өлчөмүндө айып салынды. Учурда 9 ишти облустук жана райондук сот карап жаткандыгын Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлү Төлөгөн Үсөнбаев кабарлады. Анын ичинде айып пул менен келтирилген зыянды төлөөдөн баш тарткан жарандар да бар.

-Мисалы, Жети-Ѳгүз районунда жаратылышка келтирилген зыян жаныбарлар дүйнөсү боюнча 23 факты, өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча 4 учур катталды. Жеринде протокол толтурулуп, анын негизинде 341 миӊ 710 сомго доо коюлган. Андан сыткары 44 миӊ 200 сом айып салынды. Жалпысынан, 2 тоо теке, 1 элик, 17 баш суурга жана башка жаныбарларга зыян келтирилген,-деди ал.

Ал эми жаратылышка келтирилген чыгымдарды өндүрүү боюнча тиешелүү органдар ишти карап жатышканын айтышууда. Азырынча, 269 миӊ 28 сом доо өндүрүлүп, 41 400 сом өлчөмүндө айып төлөндү.

Эске сала кетсек, мыйзамсыз аӊчылык кылган жарандарга ак илбирс үчүн 1,5 миллион, аюуга 1 миллион,  тоо текеге 100 миӊ, элик аткандарга 50 миӊ, ал эми эӊ аз деген 1 суур үчүн 3 миӊ сом өлчөмүндө айып тагылат.

Copyright © 2017 Maral FM