Биз менен байланышыңыз

Быйыл жол кырсыгы 5 пайызга азайган

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 692 | 0

Жыл башынан бери жол кырсыктарынын саны азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл 4831 жол кырсыгы болгон. Ал эми 2017-жылы болсо 5131 жол кырсыгы катталган. Натыйжада бир жылда кырсыктын саны 5,1 пайызга азайган.

Ал эми жол эрежесин бузуу боюнча быйыл 857 миң 267 факты катталган. Андан түшкөн айып пулдун суммасы 428 млн 644 миң 210 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM